___________
"Табигый илимдер дисциплинлар" кафедрасы

Султанкулов Медетбек Дыйканбаевич
Кафедра башчысы ,доценттин м.а
Дареги: Таш-Көмүр шаары, Студент көчөсү 4, 2 корпус
Телефон: +996 77317 54 15
E-mail: msultankulov_1962@mail.ru
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасы ЖАМУнун 1994- жылдын 14-февралындагы №10/4 буйругунун негизинде ЖАМУ ТТФнын, азыркы Таш-Көмүр инженердик-энергетикалык институтунун курамында уюштурулган.
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасынын биринчилерден болуп, х.и.к. Султанкулов Медетбек Дыйканбаевич жетектеген.
1995-2005ж. кафедраны х.и.к. Эсенкулов Касымжан Абжалбекович,
2005-2010ж. кафедраны доценттин м.а. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович,
2010-2011ж. кафедраны ага окутуучу Рыскулов Ильяс Рустанбекович,
2011-2015ж. кафедраны х.и.к., доценттин м.а. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович,
2015-2019ж. кафедраны ага окутуучу Рыскулов Ильяс Рустанбекович,
2019-2022 ж.кафедраны х.и.к., доценттин м.а. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович,
2022-2023 ж. ага окутуучу Рыскулов Ильяс Рустанбекович
2023- жылдан бери кафедраны окутуучу Кочконбаев Сыргак Абасбекович
2024-жылдан бери кафедраны доценттин м.а Султанкулов Медетбек Дыйканбаевич жетектеп келүүдө.
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасы 1990-2005 жылдары “Монокристаллдардын, метариалдардын жана электрондук техниканын буюмдарынын химиялык технологиясы” адистиги боюнча, 1999-2007 жылдары, “Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу” жана “Биология” адистиктерин даярдап келген.
2007-жылдан бери “Биохимия” багыты, ал эми 2017-жылдан бери “Дене тартарбия” багыты (профили: аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия) багыты боюнча адистерди даярдап келүүдө.
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасы тарабынан эл чарбачылыгы үчүн тиешелүү жогорку деңгээлдеги адистер менен камсыз кылуу максатында окуу-усулдук, материалдык-техникалык базасын чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган перспективдүү планы жана программасы иштелип чыккан.
Ошондой эле, кафедра “Ботаника”, “Зоология”, “Органикалык эмес химия”, “Органикалык химия”, “Аналитикалык химия”, “Биохимия”, “Айлана-чөйрөнүн химиясы”, “Микробиология” жана “Иммунология” дисциплиналарынын лабораториялары толук кандуу иштөө менен лабораториялык каражаттар, жабдыктар жана реактивдер менен камсыздалган. Дене тарбия багытындагы материалдык базаны 2015-жылы курулган спорт зал менен 2 машыгуу залы толуктап келет.
Кафедрада студенттердин практикаларын уюштуруу максатында шаардагы жана жакынкы аймактардагы (Аксы, Ноокен, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорундагы) жалпы билим берүүчү мектептер, СЭС, Таш-Көмүр шаардык Г.Атабекова атындагы аймактык оорууканасынын лабораториялары, Ветеринардык стания, Таш-Көмүр шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча бөлүмү, Таш-Көмүр шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби жана Таш-Көмүр шаардык аскердик комиссиариаты менен ар тараптуу кызматташтык боюнча келишимдер түзүлгөн.
Ал эми кафедранын бүтүрүүчүлөрү мына ушул тармактарда үзүрлүү эмгектенип келишүүдө. Жалпысынан кафедра 1996жылдан бери 610 бүтүрүүчү чыгарды.
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо үчүн жетишээрлик деңгээлде жогорку квалификациялуу жана илимий потенциалы күчтүү кадрлар менен камсыз болгон. Атап айтсак, 1-илимдин доктору, профессор, 3–илимдин кандидаты, 1-доцент жана 2-доценттин м.а., 3-ага окутуучу, 3-окутуучу эмгектенүүдө.
Кафедранын окутуучулары жыл сайын заманбап билим берүү технологияларын жана интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өз дисицплиналары боюнча сапаттуу сабактарды өтүп келишет. Квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү менен бир топ сертификаттардын ээлери болушту, атап айтсак, “Кредиттик системада студенттердин кесиптик калыптанышын көзөмөлдөө методдору”, “Современные подходы к взаимодействию субъектов образовательного процесса”, “Проведение самооценки образовательных программ и учебных заведений”, “Компетентностный подход в системе общего, среднего и профессионального образования”, “ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимдерди даярдоо жана математикалык билимдин сапатын жакшыртуу”, “Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары” ж.б.
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин
Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасынын
илимий-изилдөө иштери
Кафедрада илимий-изилдөө иштери жакшы жолго коюлган, анын жыйынтыгында:
2003-жылдын 30-апрелинде
Эсенкулов Касымжан Абажалбекович химия илими боюнча “Физико-химические основы переработки твердых отходов производства поликристаллического кремния” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон;
2005-жылдын 18-февралында
Султанкулов Медетбек Дыйканбаевич химия илими боюнча: “Влияние водной суспензии карбонатов в топливных эмульсиях на процессы образования и уменьшения диоксида серы в газовой фазе” аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон;
2008-жылдын 30-июунунда кафедранын доценти Атамурзаева Бүсара Маматюсуповна философия илими боюнча “Этникалык баалуулук социалдык-философиялык анализдин объекти” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2012-жылдын 15-мартында кафедрада доценттин м.а. Токтомамбетова Жамилякан Сакебаевна педагогика илими боюнча: “Техникалык жогорку окуу жайларда математиканы окутуу процессинде болочок инженерлердин кесиптик компотенттүүлүгүн калыптандыруу” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2013-жылдын 6-декабрында кафедрада доценттин м.а. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович химия илими боюнча “Жарым өткөргүч кремний өндүрүшүнүн катуу таштандыларынан силикагелди алуу”аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин
Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин
“Табигый илимий дисциплиналар” кафедрасынын
окуу-усулдук жана материалдык-техникалык базасы
Кафедранын окуу-усулдук базасы
Кафедранын окуу-усулдук базасын чыңдоо багытында кафедранын ар бир окутуучусу үзүрлүү эмгектерин жаратып келишти. Кафедра түптөлгөндөн баштап, азыркы күнгө чейин кафедранын карамагында:
— окуу залында: биология жана биохимия боюнча—225 даана; экология боюнча—147 даана; математика боюнча—125 даана; химия жана химиялык технология боюнча—322 даана; физика боюнча—225 даана китеп; дене тарбия багыты боюнча—125 даана китеп; жалпы—1169 даана китеп бар.
— абоненттик залда: биология жана биохимия боюнча—315 даана; экология боюнча—211 даана; математика боюнча—520 даана; химия жана химиялык технология боюнча—1303 даана; физика боюнча-785 даана китеп; дене тарбия багыты боюнча-285 даана китеп; жалпы-3419 даана китеп бар.
жалпысынан кафедрага тиешелүү— 4588 даана китеп бар.
Кафедранын профессордук-окутууучулар курамынын
усулдук иштелмелери
Кафедранын материалдык-техникалык базасы
Кафедрадагы “Ботаника”, “Зоология”, “Органикалык эмес химия”, “Органикалык химия”, “Аналитикалык химия”, “Биохимия”, “Химиялык технология”, “Айлана-чөйрөнүн химиясы”, “Микробиология” жана “Иммунология” дисциплиналарынын лабораториялары толук кандуу иштейт жана заманбап лабораториялык каражаттар, жабдыктар, реактивдер менен толук жабдылган.

Лаборатория “Аналитикалык химия”

Окутуучу Турдубаева М. «Зоология» лабораториясы

Спорт зал

Окутуучу К.Молдобаев студенттер аралык таймаш учурунда

Волейбол сабагындагы учур

Машыгуу залы