«Экономика жана информатика» кафедрасы

___________

Буланова Зуракан Шаакыевна

э.и.к., доцент м.а.

Дареги: Таш-Көмүр шаары, Студент көчөсү 4, Башкы корпус, 220 каб

Телефон: +996 773 388 052

E-mail: zbulanova1967@mail.ru

___________

Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин  Окумуштуулар кеңешинин 1998-жылдын 29-апрелиндеги № 83 токтомунун негизинде Таш-Көмүр технологиялык факультетинде “Жалпы  техникалык дисциплиналар” кафедрасынын базасында “Экономика  жана  информатика” кафедрасы  уюшулган.

Кафедрада «Экономика» багыты боюнча «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги ачылып, 1996-жылдан баштап студенттерди кабыл алуу жүргүзүлгөн. 2000-2001-окуу жылында 48 студент аталган адистикти ийгиликтүү аяктап, дипломдорго ээ болушкан. 2022-жылга карата маалымат боюнча кафедрадан 1026 бүтүрүүчү жогорку билимдүү адис болуп чыгышты. Алардын ичинен күндүзгү окуу бөлүмүнөн 262 бүтүрүүчү болсо, сырттан окуу бөлүмүн 764 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктады. 650дөн ашык бүтүрүүчүлөрүбүз өз кесиби менен үзүрлүү эмгектенишүүдө.

“ЭжИ” кафедрасын түзүү максаты – бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит профили боюнча жогорку даражадагы бакалавр адистерди даярдоо жана адистиктин ишмердүүлүгү эл чарбасынын бардык тармактарында профессионалдуу иштөөгө жана бардык укуктук менчик формаларында, мамлекеттик бюджеттик тармактарда жана бюджеттик эмес институтционалдык структураларда ишкерчиликтин ишмердүүлүгүн профессионалдык тейлөөгө багытталган.

Кафедранын негизги милдети – окуу, илимий, усулдук иштерди аткаруусу менен бирге эл чарбасынын ар түрдүү тармактарындагы мекеме, ишканаларга керектүү жогорку квалификациядагы бухгалтер-экономист алистерди даярдайт.    

Кафедранын негизги миссиясы – бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит чөйрөсүндө профессионалдуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана компетенттүү адистерди даярдоо жана алган билимин бардык укуктук менчик формаларындагы иштеп жаткан мекемелерде колдоно алганга жөндөмдүү адистерди чыгаруу.

Билим берүү ишмердиги

Азыркы учурда “Экономика жана информатика”кафедрасы 580100 Экономика (профиль: Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит) багыты боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдайт.

            Кафедрада жогорку квалификациядагы бухгалтерлерди, аналитиктерди жана аудиторлорду даярдоо, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №1578/1, 21.09.2021-жылдагы буйругу менен бекитилген жана ошол Жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттынын (https://muk.iuk.kg/wp-content/uploads/2022/02/580100-Ekonomika.pdf) талабынын негизинде жана эмгек рыногунун, жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн эске алуу менен 580100 Экономика (профиль: Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит) багыты боюнча окуу пландары, негизги билим берүү программалары (НББП) жана окутула турган бардык дисциплиналардын программалары иштелип чыккан. 

Кафедра окуу пландарынын жана НББПнын негизинде 580100 «Экономика» багыты боюнча төмөнкү окуу дисциплиналарын өткөрүүнү камсыздайт.

Кафедрага бекитилген дисциплиналардын тизмеси:

  1. Адистикке киришүү
  2. Информатика
  3. Экономикадагы маалымат системалары
  4. MS Office киришүү
  5. Экономистердин АЖО түзүү жана иштеп чыгуу
  6. Эсепти жана отчеттуулукту компьютерлештирүү
  7. Математикалык программалоо
  8. Микроэкономика
  9. Макроэкономика
  10. Улуттук экономика
  11. Дүйнөлүк экономика
  12. Каржы
  13. Акча, кредит, банктар
  14. Бухгалтердик эсеп
  15. Салыктар жана салык алуулар
  16. Экономикалык талдоо
  17. Статистика
  18. Маркетинг
  19. Менеджмент
  20. Мекемелерде өндүрүштү уюштуруу
  21. КЭУ башкарууга киришүү
  22. Финансылык эсеп
  23. Башкаруучулук эсеп
  24. Бюджеттик эсеп
  25. Бухгалтердик эсептеги салык эсептешүүлөр
  26. Аудит
  27. Практикалык аудит
  28. Банктардагы бухгалтердик эсеп
  29. Бухгалтердик (финансылык) отчеттуулук
  30. Финансылык талдоо
  31. Башкаруучулук талдоо
  32. Эл аралык стандарттын финансылык отчеттулугу
  33. Кичи жана орто бизнестеги бухгалтердик эсептин өзгөчөлүктөрү
  34. Экономиканын тармактарындагы бухгалтердик эсептин өзгөчөлүктөрү

Кафедрада окутуучулар окуу процессинде окутуунун активдүү усулдарын колдонушат, практикалык сабактарды өтүүдө атайын даярдалган окуу куралдарынын, практикалык материалдарынын, тестик тапшырмаларынын жана маселелер жыйнактарынын негизинде иш алып барышат.

___________

Профессордук-окутуучу курам.

УСУПОВ МЕЛИС УСЕНБАЕВИЧ

э.и.к., доцент

БУЛАНОВА ЗУРАКАН ШААКЫЕВНА э.и.к., доцент

УСУПОВА АДИЛЕТ АКБАРАЛЫЕВНА 

УЛУК ОКУТУУЧУ

МУРЗАЕВА ДИАНА АЙДАРБЕКОВНА

ҮЙРӨНЧҮК ОКУТУУЧУ

АКМАТАЛИЕВА АЙНУРА ЖЕҢИШБЕКОВНА

ҮЙРӨНЧҮКОКУТУУЧУ

___________

Материалдык-техникалык база:

Окуу процессинде кафедра аудиторияны лекциялар үчүн колдонот (212, 213, 216, 217). Лабораториялык, практикалык сабактарды, ошондой эле студенттердин өз алдынча иштерин жүргүзүү үчүн компьютердик класстар (208, 209 бөлмөлөр) жана электрондук китепкана (218, 219 бөлмөлөр) колдонулат.

___________

Окуу-усулдук иш

Багыттын жумушчу окуу планында каралган бардык сабактар ​​боюнча бүтүрүүчү жана кафедранын окутуучулары окуу-методикалык комплекстерди (дисциплина боюнча жумушчу программаларын жана окуу материалдарын) иштеп чыгышкан. Окуу материалдары алдыңкы окутуучулар тарабынан иштелип чыгып, кафедранын отурумунда каралып, бекитилгенден кийин факультеттин деканы тарабынан бекитилген. Окуу материалдарынын актуалдуулугу аларда илимдин жана техниканын учурдагы абалын чагылдыруу жана 2015-жылдан кийин жарыяланган окуу адабияттарын пайдалануу менен камсыздалат.
Кафедра жумушчу окуу планына ылайык жүзөгө ашырылган билим берүү, өндүрүштүк жана квалификацияга чейинки практиканын программаларын иштеп чыккан.
Экономика жана информатика кафедрасы студенттерине ушул региондун алдыңкы ишканаларында, мекемелеринде жана банктарында практикалык окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

___________

Илимий жетишкендиктер:

Учурда кафедрада 5 штаттык окутуучу илимий иш менен алектенишет, анын ичинен: 1 — экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ, 3 — кандидаттык диссертацияларын жакташкан.
Кафедранын негизги илимий басылмалары
Студенттердин илимий-изилдөө иштери (НИРС)
Кафедра студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштурууга чоң көңүл бурат.
Кафедранын бардык окутуучулары жыл сайын Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде жана ЖАМУда өтүп жаткан илим күндөрүнө жана студенттердин илимий-практикалык конференцияларына катышкан студенттердин илимий докладдарын даярдоону көзөмөлдөйт. Студенттик илим адистердин кесиптик даярдыгын тереңдетүүнүн маанилүү фактору катары каралат.